Каракол шаарында аялды бычактап өлтүрүштү. Милиция шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
13-август күнү милицияга Тез жардам кызматынын дарыгеринен кабар түшүп, анда өз үйүндө бычактан жаракат алган аялдын жансыз денеси табылгандыгы маалымдалган. Окуя орун алган жерди текшерген учурда милиция кызматкерлери денесине ашкана бычагы сайылган бойдон жаткан аялдын сөөгүн табышкан. Ошондой эле каза болгон жарандын аты-жөнүн аныкташты. Ал Каракол шаарынын 67 жаштагы тургуну болуп чыкты. Аталган факты катталып, Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну кармалды. Соттун чечими менен шектүүгө бөгөт коюу чарасы тандалып алынганча убактылуу кармоочу жайга киргизилди.









