Караколдо бычакталып, өлтүрүлгөн келин. Окуянын жаңы жагдайлары

9-ноябрда милицияга Каракол шаарында жайгашкан «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аял кишини бычактап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алгачкы маалымат боюнча, 1987-жылы туулган киши 1992-жылы төрөлгөн келинчеги менен соода борборунда ажырашып жүргөндүктөн, өз ара сүйлөшүү үчүн кездешкен. Сүйлөшүү учурунда ортосунда өз ара келишпестик чыгып, анын кесепетинде күйөөсү келинчегин жана өзүн бычак менен сайып жиберген. Келин алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон, күйөөсү алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген.

Ал арада редакцияга окуянын күбөлөрү жазып, окуя соода борбордогу оюн-зоок аянтчасында ойноп жүргөн балдардын көзүнчө болгонун, келин менен анын жолдошу жалгыз жолукпаганын, алардын жанында туугандары болгонун билдиришти. Бул маалыматтарды тергөөнүн купуялуулугу деп милициядан ырастап беришкен эмес. Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан шектүүгө сырттан бөгөт чарасы тандалганын тастыкташты. «Каракол шаардык сотунун 11-ноябрындагы токтому менен Каракол шаардык ШИИБдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Шектүүгө карата бөгөт коюу чарасы катары сырттан камакка алуу түрү тандалган», — дешти.

Ал эми укук коргоочу Камиль Рузиев социалдык тармактагы баракчасында жаран каза болгон жубайын 2012-жылы Бишкектен Караколдогу Челпек айылына ала качып кеткенин жазды. Ошондой эле келинге карата зомбулук көрсөтүп жүргөнүн билдирди.