Караколдо 22-февралда саат 16:40 чамасында 2009-жылы туулган өспүрүм өзүнүн чоң атасынын Honda Odyssey унаасын айдап чыгып, жол кырсыгына кабылган.
Ал рулга ээ боло албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Кесепетинен рулдагы 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. 2009-жылы туулган К.Э. жана 2010-жылы туулган А.Э. ооруканага жеткирилген.
Социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тарады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











