Караколдо фаст-фуд сатылган жайда газ баллон жарылды

Бүгүн, 10-январда Каракол шаарында тез тамактануучу жайлардын биринде газ баллону жарылып, окуянын кесепетинен улам бир адам каза болду. Ошондой эле 6 киши өрттөн улам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Алена Хоменко аттуу колдонуучу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Кээ бирлер шайлоо менен убара, а бизде болсо кайгы. Каракол шаарынын борборунан өрт чыкты. Фаст-фуд ресторанында газ баллону жарылып, бир кыз каза тапты. Жеке бизнести текшерүүгө салынган мораторийдин жыйынтыгы мына ушундай», — деп жарыялаган Хоменко.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. 4-январда ушундай эле кырсык Талас облусунда катталган. Фаст-фуддагы жарылуудан 11 адам жаракат алып, 32 жаштагы аялдын денесинин 82 пайызы күйүк алган.