Караколдо ишкана директору УКМКнын кызматкерине 5 миң доллар пара берүүгө шектелип кармалды

УКМК тарабынан 2022-жылдын 31-октябрында сотко чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында «Кыргызтеплоэнерго» ишканасынын 2018-2021-жылдардагы текшерүүсүндө «Каракол жылуулук менен камсыздоо» мамлекеттик ишканасынын финансы-чарбалык ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү жана аталган ишкананын финансылык-чарбалык ишмердигине тиешелүү текшерүүлөрдү уюштуруу максатында 16-ноябрда текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Текшерүү процессинде Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору УКМКнын кызматкерине текшерүүнү токтотуу жана аныкталган финансылык мыйзам бузууларды акчалай сыйлоо үчүн аудитордук актыда чагылдырбоо сунушу ачык-айкын сунушталып, бул тууралуу аудио-видео жазуу жасалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда («ири өлчөмдө пара берүү») каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 25-ноябрда УКМКнын тергөө-ыкчам тобу Каракол шаарынын шартында 5 миң доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору кармалды.