Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө Каракол шаарынын негизги көчөлөрүн капиталдык оңдоодо жана сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталган.
«Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын экс-директору өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2023-жылдын августунда Жакыпов көчөсүнүн 660 метр капиталдык ремонтуна «Г-У» ЖЧКсынын жетекчиси менен биргеликте 24,5 миллион сом суммасында сатып алуу жол-жоболорун бузуу менен түз келишим түзгөн.
Мындан тышкары, аталган участоктогу оңдоо иштери сапатсыз материалдарды колдонуу менен ошондой эле 3 миллион 62 миң сомго жумуштун көлөмүн жогорулатуу менен аткарылып, жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш ишканасынын жетекчиси кармалып, 2 айга камакка алынды»,- деп айтылат маалыматта.











