Караколдо секелек кыз жолго чуркап чыгып, унаанын алдына кирип кеткен (видео)

Каракол шаарында 11 жашар кыз жолго чуркап чыгып, унаанын дөңгөлөгүнө кирип кеткен.

Ысык-Көл ОИИБдин берген маалыматына караганда, 28-сентябрда саат 19:40 чамасында Каракол ШИИБге ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 2010-жылы туулган кызды унаа сүзүп кеткени айтылган. Факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Териштирүү учурунда кырсык болжол менен шаардагы Алдашев менен Жамансариев көчөлөрүнүн кесилишинде катталганы маалым болгон. Ак-Суу районунун 1982-жылы туулган тургуну Хонда Стэпвагон үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, секелек кызды сүзүп кеткен.

Тергөө учурунда жабырлануучунун апасы эч кандай дооматы жок экенин айткан. Ал арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан баш тарткан. Сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Ошол эле учурда, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери 127-берененин негизинде унаанын айдоочусуна айып пул салышты. 

Ал эми жергиликтүү ЖМКлар окуянын видеосун жарыялашты.