Караколдо кош бойлуу келинди милиция кызматкерлери сабап, боюнан түшүп калганбы? Милициянын версиясы

«Кош бойлуу келинди милиция кызматкерлери сабады» деген маалымат боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмү түшүндүрмөсүн беришти. Алар бул маалыматты четке кагып, маалыматта көрсөтүлгөн фактылар чындыка дал келбестигин белгилешип, окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдиришкен.

5-август күнү Каракол ШИИБге 22 жаштагы шаардын тургуну арыз менен кайрылып, ушул эле күнү саат 14:00 чамасында чогуу бир батирде жашаган бир тууган эжеси жана жездеси ортодо чыккан чатактан улам уруша кетишип, экѳѳлѳп сабап, денесине жаракат келтиргенин билдирген. Уруштун негизги себеби болуп, анын паспортун уруксаты жок күрөөгө койгондугу болгон. Арыз Каракол ШИИБге катталып, Жоруктар жѳнүндѳ кодексинин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) менен катталып, сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча, жабырлануучунун жеңил жаракат алгандыгы белгиленген. Жорук иши боюнча өткөрүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 32 жаштагы аял киши жана анын жолдошу 31 жаштагы жаран жабырлануучуну сабап, үй-бүлѳлүк зомбулук кѳрсѳткѳнү аныкталгандыктан, аларга карата Жоруктар жѳнүндѳ кодексинин 75-беренеси менен шектүү катары кабарлама берилип, соттун кароосуна жѳнѳтүлгѳн. «Ушундан улам, милиция кызматкерлерине карата келин тарабынан коюлган айыптар чындыкка дал келбейт жана өзүнүн жоопкерчилигин жашыруу максатында, мыйзам чегинде кызматтарын аткарып жаткан милиция кызматкерлерин каралоо менен коомчулукту туура эмес маалыматтарды жарыялап жаткандыгын белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Акыйкатчы институту аларга келин арыз менен кайрылып, милиция кызматкерлерге чара көрүп берүүсүн суранганын жазып чыккан. Анда жаш келинди Каракол ШИИБдин кызматкерлери кармап, ур-токмокко алып, коркутушканын окуядан кийин 5 айлык боюндагы баласы түшүп калганын билдирген.