Социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү мектептердин биринде тартылган видео тарады. Анда окуучу баланын кызды тепкилеп жатканын көрүүгө болот.
Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБ маалымат берип, милицияга 28-сентябрда арыз түшкөнүн билдиришти. Арыз ээси Караколдогу 2-мектепте танапис учурунда 2012-жылы тулган небересин классташ баласы сабап, тепкилеп салганын билдирген. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.











