22-февралда саат 16:40 чамасында 2009-жылы туулган өспүрүм өзүнүн чоң атасынын Honda Odyssey унаасын айдап чыгып, жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ал рулга ээ боло албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Кесепетинен рулдагы 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. 2009-жылы туулган К.Э. жана 2010-жылы туулган А.Э. ооруканага жеткирилген.
Унаа айып короого киргизилген. Тергөө уланып жатат.