Караколдо сойкулук менен алектенип жүргөн делген 5 кыз жана уюштуруучу аныкталды

Каракол шаарында милиция кызматкерлери интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жайды уюштурган жаранды кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ушул жылдын июль айында кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлерине Каракол шаарынын аймагында аял сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, кыздардын ыплас аракеттерине көмөктөшүп жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат Каракол ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160 (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштурган аялдын аты-жөнүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам маалыматта фигуранттын ким экендиги аныкталды. Ал облустук борбордун тургуну 55 жаштагы жаран болуп чыккан. Тинтүү учурунда шектүү аялдан жана интимдик кызмат көрсөткөн беш кыздан жалпы суммасы 4600 сом болгон алдын ала белгиленген акча каражаттары алынган. Мындан тышкары, далил катары сексуалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттар алынган.

Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүгө аялга карата айыбы угузулуп, сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.