Мындан бир нече күн мурда жергиликтүү ЖМКлар жактоочуга шилтеме берип, Караколдо студент кызды жолдошу сабаганы тууралуу маалымат жазышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришип, маалымат жарыялангандан кийин териштирүү жүргөнүн, жактоочунун мааалыматы чындыкка дал келберин билдиришти.
4-июлда Каракол ШИИБге 24 жаштагы келин кайрылып, ошол эле күнү саат 15:30 чамасында жолдошу кичинекей кызын тартып алганын айтып, арыз жазган. Аталган факты Каракол ШИИБге каттоого алынып, тергөө башталган. Келин көрсөтмө берип, 3 жаштагы кызы жана 1 жаштагы уулу менен Таластагы эжесине кеткени жатканын, ошол учурда күйөөсү вокзалга барып, кызын алып кетип калганын айткан. Ошол эле учурда келин аны эч ким сабаган эместигин айтып, экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Келиндин жолдошу да сурак учурунда кол көтөрүү болбогонун, жубайынын Таласка кетип жатканын инисинен угуп, вокзалга барып, кызын алып кеткени билдирген. 7-июлда келин милицияга тосмо арыз жазган.












