Караколдо убактылуу жашоочу жайда өрт чыгып, эркек киши күйүк алды

Каракол шаарындагы Алтын-Казына жаңы конушундагы Белек көчөсүндө өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Убактылуу жашоочу жайынын от жагуучу бөлмөсүндө өрт чыгып, өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган эркек киши 3-даражадагы күйүк алган, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.