Каракол шаарында Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосунан дрифт уюштурган. Ага 7 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-июль күнү саат 17:25 чамасында Тойота-Карина үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, жаңыдан реконструкция иштери аяктап, жаңы асфальт төшөлгөн шаардын негизги көчөлөрдүн бири — Токтогул көчөсүндө дрифт уюштурган. Бул жосунсуз окуяга күбө болгондор дароо Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдиришкен. Алынган билдирүүгө боюнча, Каракол ШИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуну аныктоого ыкчам чаралар көрүлгөн. Ал Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну болуп чыккан.
Айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренеси (автоээнбаштык) негизинде протокол түзүлүп, 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана унаа айып төлөнүүчү жайга киргизилген.











