Караколдогу көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты (видео)

Бүгүн, 18-апрель күнү саат 10:30да Каракол шаарынын Карасаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге 2 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруучулардын ыкчам-иш аракети менен коңшу батирлерге өрттүн жайылуусу токтотулду. Тилсиз жоо саат 11:00дө өрт чектөөгө алынып, өрт толугу менен саат 11:45те өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.