Караколдогу пляжга чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 2-сентябрда чет элдик жаран көлгө чөгүп кеткен. Мындай маалымат «112» кызматына саат 12:45те түшүп, куткаруучулар чөгүп кеткен адамдын сөөгүн 13:20да алып чыгышкан.
Болжол менен 25-30 жаштагы жигиттин сөөгүн алып чыгуу үчүн жерине 4 куткаруучу тартылган.