Ошто сойкулук жасоого көмөктөшкөн деген шек менен 33 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Тергөө кызматына маалым болгондой, шектүү кыздарга сойкулук жасоо үчүн шарт түзүп жана аларды кардарларына жеткирип турган. «2024-жылдын ноябрь айынан тартып сойкулук менен алектенген 2000, 2006 жана 2003-жылы туулган 4 кызга Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн батир ижарага алып берип, атайын сайт аркылуу табылган кардарлар менен жолугушуулары уюштуруп, өзүнүн Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен жеткирүү кызматын аткарып келген жана мындан ал материалдык пайда көрүп жүргөн», — деп айтылат маалыматта.
Шектүү кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 24-февралда Ош шаарынын соту тарабынан 1 айга абакта кармоого чечим чыгарылды.