Кариб деңизинде кыргызстандык үй-бүлө каза болушу мүмкүн. ТИМ тактоо жүргүзүп жатат

Казакстандын жараны Жанат Шамиганов «Настоящее время» басылмасынын кабарчысына кыргызстандык үй-бүлө менен болгон окуя тууралуу айтып берди.

Шамиганов маегинде Борбордук Американын 7 өлкөсүн жунгли аркылуу басып өтүп, АКШга кантип мыйзамсыз келгени тууралуу айтып берген. Анын айтымында, ал бир нече адам, анын ичинде кыргызстандыктар болгон топтун ичинде болгон. Бир түнү топ коопсуздук кызматына кармалбоо үчүн Кариб деңизинде бара жатышкан. 

«Кыргызстандын жараны менен бир кырсык болду. Бала аялдын колунан түшүп кетти, караңгыда аял баланын артынан секирип, андан кийин анын күйөөсү алардын аркасынан секирди. Жана ал кайык кайтып келген жок»,- деген ал. Ошол эле учурда казакстандык бул качан жана кайсы өлкөдө болгонун айткан жок. Кариб деңизинин жээгинде Колумбиядан АКШга чейинки топтун маршруту боюнча жайгашкан өлкөлөр: Колумбия, Панама, Коста-Рика, Гватемала, Белиз, Мексика.

Окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги Кариб деңизинде каза болушу мүмкүн болгон кыргызстандык үй-бүлө тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди. » Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги Кариб бассейниндеги өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен окуянын чоо-жайын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү жооп алынары менен кошумча маалымат берилет»,— дешти.