«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы бүгүн, 10-сентябрда таң эрте Оштогу аэропорттон ИИМдин тергөө кызматы кармап кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Улан Канат уулу билдирди.
Анын айтымында, Нарматова Кыргызстанга бир тууган агасын жерге бериш үчүн келген. «Бир тууган агасын жерге бериш үчүн келген болчу. Бүгүн эртең менен Ош аэропортунан ИИМдин тергөө кызматы кармап, Бишкекке унаа менен алып кетишти», — деди ал. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы бул боюнча азырынча маалымат жок экенин билдиришти.
27 жаштагы Орозайым Нарматова соцтармактагы аянтчалар аркылуу учурдагы бийликти катуу сындап келчү. Ал өткөн жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстандын» алдыңкы ондугунда талапкер катары катышкан.