Кармалган 11 журналисттин бирөөсү үй камагына чыкты

Биринчи Май райондук соту журналист Сапарбек Акунбековду камактан бошотту. 

Акунбековго карата баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлүп, мөөнөтү 13-майына чейин белгиленген.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 11 журналистти камакка алган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык баш аламандыкка чакыруу) боюнча шектелүүдө.

Төмөнкүлөр камакта:

1. Махабат Тажибек кызы

2. Азамат Ишенбеков

3. Сайпидин Султаналиев

4. Актилек Капаров

5. Тыныстан Асыпбеков

6. Максат Тажибек уулу

7. Жодар Бузумов 

8. Жумабек Турдалиев

9. Айке Бейшекеева

10. Акыл Орозбеков.