«Карвен» спорттук клубунун ээси, бизнесмен Генрих Балян УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.
Азырынча анын эмнеге айыпталып жаткандыгы белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, ал мамлекетке 3 миллион долларлык зыян келтирген.
Бул боюнча УКМКга кайрылганыбызда жакынкы аралыкта маалымат берилерин айтышты.