Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ал жерден кызыл түстөгү канга окшогон суюктуктун үлгүлөрү жана сары түстөгү ок дарынын атылган эки даана гильзасы табылган. Окуядан улам жараат алган Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургунуна экспертизалар дайындалган. Жабырлануучу денесинин сол бутунан жана башынан ок атуучу куралдан жараат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган.
Инстаграмдан шилтеме жиберип, аялдын 171 миң сомун алып койгон
Талас облусундагы Манас районун тургуну инстаграмда бейтааныш адамдан келген шилтемени басып электрондук капчыгынан 171 миң 500 сомун алдырган. Манас РИИБдин...