Катталуучуларын көбөйтүү максатында ар кайсы жерге акча каткан жаран милиция тарабынан кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Бишкектин Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда «Ак-Ордо» коңушунда адамдардын топтолуп, баарынын колунда телефондун жарыгы менен бир нерсе издеп жатканы тартылган видео тараган. Милицияга «бул адамдар акча издеп жатышат» деген маалымат келип түшкөн.
Факты боюнча милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган. Текшерүү учурунда «Тапсаң сеники» аттуу аккаунтту колдонгон жаран социалдык тармактардагы колдонуучуларынын санын көбөйтүү максатында оюн уюштуруп, ар кайсы жерлерге акча катып, бул тууралуу маалымат таратканы аныкталган.
«Аккаунт ээси, 1993-жылкы жаран экендиги аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аны менен мындай иш-чараларды уюштурбоо боюнча профилактикалык маек жүргүзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram