Кечээ, 10-августта Ысык-Көлдө 3 унаа сүзүшкөн жол кырсык катталганын окуянын күбөсү билдирген. Кырсыктын Тору-Айгыр айылында катталганын да айткан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуянын күбөсү видео менен бөлүшүп, жабыркагандарды Тез жардам алып кеткенин, ошол жерде 1 адам каза болгонун билдиришти. Маалыматка караганда, жол тандабас менен 2 жеңил унаа сүзүшкөн. Милиция азырынча маалымат бере элек.