Казакстандагы жол кырсык. Жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жогу такталууда

Казакстанда автобус жолдун четине чыгып кеткен. Автобус Өзбекстандан Кыргызстанга келе жатканы айтылды.

Окуяда 12 адам жаракат алган. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугуна жагдайды тактоо тапшырмасын берди. Бул маселе менен консулдуктун кызматкерлери алектенүүдө, башкача айтканда, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар бар же жок экенин такташууда.