Адам өлтүрүүгө, ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген коңшу мамлекеттин жарандары Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Кармалгандардын бири 2000-жылы туулган Казакстандын Жамбыл облусунун Шу районунун тургуну мекенинде оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган. 2022-жылдын 25-сентябрында Шу районунун аймактык ооруканасына 23, 25 жана 26 жаштагы төрт жигит октон жаракат алып жаткырылган. Алардын бири кийин жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Бул факты боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка тиешеси бар адамдар көп өтпөй полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок шектүүлөрдүн бири качып кетүүгө үлгүрүп, ага эл аралык издөө жарыяланган.
Маалым болгондой, ал Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн. 21-августта Бишкекте жүзүн таануучу камералар издөөдө жүргөн жаранды аныкташкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери соода борборлорунун биринин аймагынан издөөдө жүргөн Казак жаранын кармашкан. Кармалган адам райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилген. Бирок ошол эле күнү кечинде аны медициналык мекемеге экспертизадан өткөрүү үчүн алып келишкенде качып кетүүгө үлгүргөн. 29-августта ички иштер органдарынын кызматкерлери качып кеткен жарандын жүргөн жерин аныкташкан. Милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда ижарага алган батиринен кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ушул жылдын 29-августунда милиция кызматкерлери оор кылмыш жасагандыгы үчүн мекенинде издөөдө жүргөн Казакстандын дагы бир жаранын кармашкан. 2023-жылдын февраль айында Казакстандын Астана шаарындагы “Панаехали” кафесинин алдында белгисиз адамдар топтошуп алып мушташкан. Мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында 1995-жылы туулган адам бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жабырлануучу эсине келбей каза болгон. Тергөөнүн божомолу боюнча, бейбаштык максатта топтошуп мушташка чыккан адамдар бычак жана ден соолукка зыян келтирүү максатында атайын ылайыкташтырылган каражаттарды колдонушкан.
Бул факты боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 106-беренеси “Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, кокустуктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү” менен кылмыш ишин козголгон. Жогорудагы оор кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 1995-жылы туулган Казак жаранына издөө жарыяланган. Алынган маалыматтарга караганда, бул жаран мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарынын аймагында жашырынып жүргөн. Ал Жал кичи районунун аймагында ижарага алган батиринде жашынып жүргөн жеринен кармоо иштери жүргүзүлгөн. Кармоо иш-чараларына Казакстандын Ички иштер министрлигинен жиберилген кызматкерлер да катышкан.
Кошумчалай кетсек, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси “адам өлтүрүү” боюнча издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган Алматы шаарынын тургуну ушул жылдын июль айынын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринен кармашкан. Бул адамдын Алматы шаарында июль айында түндө атып өлтүрүлгөн белгилүү клубдун 28 жаштагы фитнес-машыктыруучусу Дамир Туребаевдин өлүмүнө тиешеси бар. Андан соң жаран жасаган иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн.