Казакстандан качып жүргөн шектүү Бишкекте кармалды

Мурда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бишкек ШИИБдин кызматкерлерине Казакстанстандын Кылмыш-жаза кодексинин 427-беренесинин (эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында чет мамлекеттин жараны 1993-жылы туулган М.М. өз өлкөсүнүн аймагында эл аралык издөөгө жарыяланганы жана Бишкек шаарында жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Чет мамлекеттин жараны аныкталып, кармалган. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасынын негизинде, издөөдө жүргөн жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.