Кошумча бак орнотуп, күйүүчү май ташыган автобустар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө жайынан кошумча бак орнотуп, кошуна өлкөдөн мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 3 автобус аныкталган. Азыркы учурда бул автобустардын айдоочуларына мыйзамсыз кошумча бак орноткондугу үчүн Укук бузуу кодексинин негизинде 16 миң 500 сом айып салынып, автобустар айып короого токтотулган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram