Казакстандан Кыргызстандын аймагына 4 желим бөтөлкө марихуана ыргытышкан

Кечээ, 24-июнда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунда баңгизатты аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын Казакстанга тийиштүү бөлүгүндө турган эки жаранды байкаган. Алар белгисиз адамдардын аракеттерине байкоо жүргүзүп, Казакстандан Кыргызстандын аймагына 2 литрлик 4 желим бөтөлкөнү ыргытып жиберип, Казакстандын аймагына жашынып калышканын байкашкан.

Текшерүү көргөзгөндөй, бөтөлкөдө марихуана болгон. Анын жалпы салмагы 2 килограмм 120 граммды түзгөн. Тийиштүү кагаздар толтурулгандан кийин баңгизат ИИМге өткөрүлүп берилген.