УКМКнын Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракетинин алдын алышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек арага жакын аймакта күзөт кылуу учурунда чек ара кезмети мамлекеттик чек ара тилкесине жакын жерде, Казакстан Республикасынын аймагында турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны байкашкан. Байкалган унаанын тушундагы чек ара тилкесине дароо келген чек арачылар Казакстандан Кыргызстанга Чүй дарыясы аркылуу өткөн аялды кармашкан.
Кармалган аялдын жанында өздүгүн тастыктаган документтери болгон эмес. Анын айтымында, ал 1985-жылы туулган У.М.Р. аттуу Өзбекстан Республикасынын жараны. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял андан ары териштирүү жүргүзүү жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.