Казакстанга Кыргызстандан кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз мүлкүн аныктоо боюнча кайрылуу түшө элек. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн каржы министри Эрулан Жамаубаев билдирди.
4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн. 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт» деген. 7-октябрда кримтөбөлдүн жубайымын деген аял интернетте видео кайрылуу жасаган болчу. 9-октябрда УКМК видео жана маалымат таратып, Көлбаевдин байлыгын көрсөттү.











