Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 26-февралда саат 08:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 3-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыккандыгы, анда аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы билдирген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, 1991-жылы туулган аял кишинин жансыз денесин табышкан. Денени кароо учурунда зомбулук менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган кыз кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.