Кечээ кар көчкүдөн улам жабылган Долон ашуусу эртең ачылат

Кечээ, 17-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 294-296-чакырым аралыктарында (Долон ашуусу) эки кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Көчкүнүн бийиктиги 8 метр, туурасы 12 метрди түзөт. Кырсыктан жабыркагандар жок экендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жолду ачуу эртең, 19-мартта пландалып жаткан Транспорт жана жолдор министрлигинен маалымдашты. Кар көчкүнүн көлөмү бир миллиондон ашуун метр кубду түзөт. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.