«Кечирдим». Мандатын тапшырган Жаныбек Абиров менен жабырлануучу жолуккан видео тарады

Социалдык тармактарда кечээ, 27-мартта мандатын тапшырган Жаныбек Абиров менен жабырлануучу жолуккан видео тарады.

Видеодон Жаныбек Абировдун жабырлануучудан кечирим сурап жатканын көрүүгө болот. Ал эми жабырлануучу да түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтып, «кечирдим» деп кол алышкан.