Кегети капчыгайында Түштүк Кореядан келген жер кезер каза болду

Кечээ, 4-декабрда саат 13:22 чамасында Чүй районуна караштуу Кегети капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу Көл-Төр көлүнө туристтер чыгышып, 1951-жылы туулган Түштүк Кореянын жараны белгисиз себептер менен эс-учун жоготуп алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Ал жерге авариялык-куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу тартылып, жансыз денени алып түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.