Abank_june
SerepTV Logo

Кегети капчыгайында дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы баланы 1000ден ашуун ыктыярчы издөөдө

Кегети капчыгайында дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы баланы 1000ден ашуун ыктыярчы издөөдө
 
23-июнь күнү Чүй районундагы Кегети капчыгайында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен. Окуянын кесепетинен автоунаанын ичинде болгон 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала суунун агымына агып кеткен.

Аталган факты боюнча маалымат Чүй РИИБге катталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү иштери башталган. Издөө-куткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Ал эми 6 жаштагы бала азыркы убакка чейин табыла элек.

Учурда баланы издөө иштери улантылып, ага милиция кызматкерлеринен, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана ыктыярчы жарандар болуп 1000ден ашуун адам тартылган. Тиешелүү кызматтар тарабынан издөө-куткаруу иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.