«Келиниң жол кырсыгына кабылды». Бишкекте телефон аркылуу алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери телефон аркылуу алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.
28-февралда милицияга С.З. аттуу жаран түнкү саат 00:30 чамасында (0312) 37**** номуруна стационардык телефон аркылуу чалып, ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен анын келини жол кырсыгына кабылып, оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү бир суммадагы акча талап кылган белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүч арызы менен кайрылган. Андан кийин бир нече убакыттан кийин бир жигит жабырлануучунун жашаган жерине унаасы менен келип, алдын ала даярдалган 100 миң сом жана 500 долларды алып кеткен. Андан соң белгисиз тарапка кетип калган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө райондук башкармалыктын ыкчам кызматкерлери белгиленген күнү «Ford Focus» унаасы менен акча чогултуу үчүн келген 2001-жылы туулган Ж.Д. аттуу жарандын изине түшүшкөн. Тиешелүү тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган жаран «Яндекс такси» ишканасынын айдоочусу болуп, курьердик кызматты аркалаганы аныкталган. Андан ары ал заказды аткарууда Логвиненко көчөсүндө жайгашкан даректен акча чогултуп алып, жеткирип берүү үчүн «Б» пунктуна барганын түшүндүрдү. Западная жана Муса-Жалил көчөлөрүнүн кесилишине келгенде, ичиндеги пакетти белгисиз адамга тапшырып, буйрукту аткарып, ишин уланткан.
Ж.Д. аттуу жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган К.А аттуу жаран аныкталып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилген. Милиция кызматкерлери тарабынан К.А. жаранынын уюлдук телефонун текшерүүгө алынганда, ушул жылдын 20-февралынан тартып кармалган учурга чейинки аралыкта 20га жакын чабармандар тейленип, ар кандай реквизиттерге 40тан ашык толуктоо иштери жүргүзүлүп, жалпысынан 5 миллион 47 миң сом өлчөмүндө жөнөтүлгөн акча каражаты аныкталган. Ошондой эле, К.А.ны өздүк тинтүү учурунда анын капчыгынан 899 миң 46 сом акча табылып, алынган. Жогорудагыларды эске алуу менен, шектүү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени такталууда. Кылмыш иликтөө уланууда.