Нарын районунун Алыш айылынын тургуну өз атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 7-июнь күнү Алыш айылынын 1975-жылы туулган тургуну өзүнүн үйүнөн 1951-жылы туулган атасын бычак менен сайып, денесине жаракат келтиргенин Нарын облустук ооруканасынан билдиришкен. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Ошол күнү саат 13:30 чамасында шектүү эшиктен мас абалында үйүнө кирип келип, жубайы менен уруша кеткен. Келинине болуша кеткен атасын жаран жүрөк тушунун ылдый тарабына бир жолу сайып жибергендиги аныкталган. Натыйжада шектүүнүн атасы алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Бирок окуя болгон жерден шектүү изин жашырып качып кеткени маалым болгон.
Аталган факты Нарын РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.












