«Кемчилиги чачтан көп жетекчилер менен коштошобуз». ИИМ башчысы Кочкордогу окуя боюнча үн катты

Кечээ, 25-декабрда УКМК маалымат таратып, Кочкордо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалганын билдирген. Окуя боюнча ИИМ башчысы Улан Ниязбеков үн катты.

«Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар Кочкор райондук ички иштер бөлүмү эле эмес, бүт Нарын облусунун милициясынын да жоопкерчилигин катуу карайбыз. Айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан. Азыркы учурда Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынышты. Кочкор районунун айылдык милиция бөлүмүнөн баштап, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына чейин конкреттүү чаралар көрүлөт. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процессин жүргүзөбүз.

Кызматтык шалаакылыкка, кылмышка аралашууларга жана ички иштер органдарынын жалпы ишмердигине доо кетирүү учурларын болтурбоо үчүн, жакынкы арада ар бир ички иштер бөлүмдөрүн, башкармалыктарын деталдуу карап, кадрдык ротациялоо ишин жүргүзөбүз. Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек деген принцип биз үчүн эң жогору сапат болушу керек. Бир жыл бою айтып, көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт бердик, эми боло турган коллегияда ар бир шаардык-райондук ички иштер бөлүмүн, аларга жооп берген башкармалыктардын ишмердигине даректүү бааларды беребиз. Кемчилиги чачтан көп, көйгөйү түгөнбөгөн жетекчилер менен коштошобуз, муну ачык айтып коёюн», — деди ал.