Abank_june
SerepTV Logo

Кемин районунда сууга автоунаа түшүп кетип, үч адам каза болду

Кемин районунда сууга автоунаа түшүп кетип, үч адам каза болду
25-июнь күнү Кемин районунун Подгорное айылынын түндүк тарабында жайгашкан Чоң Чүй каналына «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, суунун агымы катуу болгондуктан, автоунаанын ичиндеги жарандар сыртка чыга албай калышкан. Аталган факты Кемин РИИБге катталып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү иштери башталды. Окуя болгон жерде Кемин РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин жардамы менен автоунаа суудан чыгарылып, анын ичинен үч жарандын жансыз денеси табылган. Бул бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, атасы жана эки жашы жете элек балдары экендиги такталган.

Чүй ОИИББ жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. Айрыкча суу жээктерине жакын аймактарда, көпүрөлөрдөн өтүүдө жана агын суулардын жанында автоунаа башкарууда өзгөчө этият болуу зарыл.