Кеминде 19 жаштагы кызды ала качып кетишкен. Ал Жумгалдан табылды

Чүй облусунун Кемин районунда 19 жаштагы кызды никеге туруу үчүн ала качып кетишкен. Бул тууралуу адвокат Камил Рузиев жазып чыкты.

Анын айтымында, окуя 2-январь күнү болгон. Эртеси ала качууга дуушар болгон кыз Жумгал районунун Кызарт айылынан табылган. «Кылмыш тууралуу анын эжеси жашаган жеринен Кемин РИИБге кайрылган. Нөөмөттө турган тергөөчү арыз ээсине кагазын берип, кызды ала качуу боюнча материалдарды Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүүнү убада кылган», — деп жазган Камил Рузиев.

Эжесинин айтымында, кызды тааныш эмес адам ала качып кеткен. Бирок кийинчерээк тосмо арыз жазылганы белгилүү болгон.

Чүй ОИИБ окуя боюнча маалымат бере элек.