Чүй облусунун Кемин районунда MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, бир эркек киши көз жумуп, бир жаран жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 2-февраль күнү саат 19:45 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 80-чакырымында (Чым-Коргон айылында) катталган.
Аталган кырсыктан көз жумган 52 жаштагы кишинин жансыз денесин куткаруучулар автоунаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жаракат алган 51 жаштагы киши тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.