Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Терек-Жайлоо кыштагында 22-февралда жайытка кеткен боюнча үйүнө кайтып келбеген аял изделип жаткан. Кечээ, 26-февралда, кечке жуук анын сөөгү Жел-Арык жайытынан табылганын Чүй облустук милиция башкармалыгынан кабарлашты. Алдынала тергөө маалыматтарына караганда 32 жаштагы аял туманда адашып кетип, көпкө чейин ызгаар суукта жатып калганынан улам тоңуп каза тапкан. Артында 3 баласы калгандыгы маалым болду. Анын өлүмүнөн улам тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы айтылды.
Март айында кармалган Матраимов эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей,...