Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн учурдагы башчысы (мурда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген), техникалык көзөмөл боюнча адиси жана жеке компаниянын башчысы кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Кемин районунун прокуратурасы аларга Кызыл-Октябрь айылында спорт комплексин курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 6,3 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.