Бишкектеги СИЗО-1де кармалган Кемпир-Абад окуясы боюнча дагы үч айыпталуучунун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу адвокат Эркин Саданбеков билдирди.
Анын айтымында, отурум Бишкек шаардык сотунда өттү. Али Шабданов, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыгарылды. Дагы 11 адам камакта калууда.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматына кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын айтышты.