Кемпир-Абад иши. Рита Карасартова камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад окуясы боюнча саясатчылар менен жарандык активисттерге карата баш коргоо чарасын узартуу боюнча арызын карады.

Сот укук коргоочу Рита Карасартованы камакта калтырган. Отурум жабык эшик артында өттү.

Мындан тышкары, экинчи инстанциядагы сот блогер Эрлан Бекчороев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.