Кемпир-Абад суу сактагычынан 27 жаштагы жигиттин жансыз денеси изделип жатат

Кемпир-Абад суу сактагычына 27 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Анын жансыз денесин издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 13-июнь күнү ӨКМге Кемпир-Абад суу сактагычына 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну саат 15:50 чамасында чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күнү түшкөн маалыматтын негизинде, 1 даана АСМ куткаруу унасы менен 3 куткаруучу саат 15:50дө чыккан. Издөө-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүүгө, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 суучул-куткаруучу саат 17:39да чыгып, 20:22де жетишкен. Натыйжа болбогондуктан, кеч киргенине байланыштуу саат 21:25те издөө куткаруу иштери убактылуу токтотулган. 14-июнда издөө-куткаруу иштери улантылууда.