2021-жылы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго 67 адам кыйноолор боюнча арыз менен кайрылган.
Маалыматка ылайык, кыйноолордун эң кеңири таралган ыкмасы физикалык күч колдонуу. 76 пайызы дал ошол физикалык жактан кыйноого кабылганын айтышкан. 14 пайызы баштык же противогаз менен муунтканын айтышса, үч арыз милиция кызматкерлерин психологиялык кысымга — кемсинтүүгө айыпташкан.
Мындан тышкары, алкоголдук же наркотикалык абалга мажбурлоо, көкүрөккө 70 килограмм штанганы коюу, таяк менен бутка чабуу жана колун байлап сууга салууга арыздар түшкөн. Кыйноолор боюнча бардык арыздар текшерүү жана жоопко тартуу үчүн прокуратурага жөнөтүлгөн.