«Алоолонуп күйүп кетти». Кичи-Алай тоолорунда тик учактын кырсыгына күбө болгон тургун окуя боюнча айтып берди

Алайдагы тик учактын кырсыгына күбө болгон Кубанычбек Жусупов аттуу Ош облусунун тургуну окуянын чоо-жайын айтып берди. Бул тууралуу «Кактус» сайты жазып чыкты. Күбөнүн айтымында, окуя Кичи-Алай айылынын жайлоосунда бир нече саат мурун болгон. Кырсык болгон учурда ал ошол аймакта унаа менен өтүп бара жаткан.

«Кырсыктын баш жагын рулда болгонум үчүн көргөн жокмун. Досум асманда тик учак бир тараптан экинчи тарапка термелип, чукул ылдыйлай бара жатканын көрсөтүп калды. Кийин капталы менен уркуюп турган жерге тийип конду. Биз кырсык болгон жерге жетип барып, дароо адамдарды сууруп чыга баштадык, 13 киши бар окшойт, бардыгы тирүү экен, биз аларга чыгууга жардам бердик. Тик учак катуу өрттөнүп баштады, бирок ал жарылган жок, жөн гана алоолонуп күйүп кетти. Адамдар көйнөкчөн туулган экен, бир мүнөттүн ичинде эле кырсыктан аман калышты», — деп айьып берген күбө.

Анын айтымында, кырсыкка кабылгандардын үчөө тез арада жардамга муктаж болгон. Окуянын күбөсү бейтаптарды унаасына салып алып, жакынкы фельдшердик-акушердик пунктка алып барган. Ал эми кырсыкка кабылган калган адамдар саат 16:25 чамасында жүк ташуучу менен келе жатышканын кошумчалаган.

“Айылдыктар азыр аларга тамак уюштурууга, биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө, дегеле биздин колубуздан келгендин баарын жасоого аракет кылып жатышат. Кырсык болгон аймак айылдан 40 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан, ал жерде байланыш жок», — деген ал.