Нарында 80 жаштагы карыя үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, жансыз денеси дарыядан изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 29-июнь күнү Нарын шаарынын 1942-жылы туулган тургуну үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Аталган жарандын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинде табылган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кеч болгондугуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 30-июнь күнү издөө иштери улантылат.












